Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 110/18-6
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен “Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасына өндүрүүчү заводдор менен түздөн-түз келишим түзүү жолу менен 10 даана автобус, 1 даана атайын бургулоочу техникасын сатып алууга макулдук берүү жɵнүндɵ
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 22-январындагы кириш №01‑07/5 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4,5,6-февралындагы отурумдарынын №26 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн акча каражаттын эсебинен “Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасына өндүрүүчү заводдор менен түздөн-түз келишим түзүү жолу менен 10 (он) даана автобус жана 1 (бир) даана атайын бургулоочу техникасын сатып алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Т.Тынайбеков