Редакцияот 23.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму

 

 

2025-жылдын 23-октябры № 92

 

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча-каражат бөлүү  тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 бер. ылайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин спорт залын оңдоп түзөө” долбоорун дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн бюджетинен биргелешип төлөм жүргүзүү үчүн 1 080 000 (бир миллион сексен миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. “Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин спорт залын оңдоп түзөө” долбоору боюнча Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка жалпы билим берүү мектебинин өтүнүчү бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Сагындык уулу К.