Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы

 

2021-жылдын 26 ноябры № 27

Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становдун Абдыкадыров Абубакр Абдыкадыровичке таандык Гавриловка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №12 б дарегинде жайгашкан аянты 380,75 кв. м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын айыл чарба тетиктерин сатуучу дүкөндүн жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Абдыкадыров Абубакр Абдыкадыровичке таандык Гавриловка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №12 б дарегинде жайгашкан аянты 380,75 кв. м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын айыл чарба тетиктерин сатуучу дүкөндүн жер участогуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Абдыкадыров Абубакр Абдыкадырович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов