ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 26 ноябры № 25
Демилгелүү топ жана долбоорду ишке ашыруу үчүн БМжБ тобун түзүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетекөөтүчү адис А.А.Конокалиевдин Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана фасадын оңдоо” долбоорун каржылоону ишке ашыруу үчүн демилгөөчү топ жана БМжБ тобун (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу) түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана фасадын оңдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн демилгөөчү топ түзүлсүн:
Демилгөөчү топтун Лидери:
· Ж.Ж Сатылганов;
Демилгөөчү топтун мүчөлөрү:
· Т.Д. Касымбеков;
· Р.И. Жайлобаев;
· М.А Айтбаев;
· Н Оросулбеков.
2. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана фасадын оңдоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн БМжБ тобу (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу) түзүлсүн
· Ж.Ж Сатылганов,
· Ж.С. Мырсакова,
· А.А. Автандилов
· Н.У. Асанов
· А.А. Конокалиев
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |