Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 114/18-6
Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Жантаев көчөсү, н/ж дарегиндеги, идентификациялык коду 7100700420492 болгон, жалпы аянты 3540,0 ч.м. жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Токмок шаары боюнча башкармалыгына мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралындагы кириш №01-07/13 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2026‑жылдын 5-февралындагы отурумунун №23 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Жантаев көчөсү, н/ж дарегиндеги, идентификациялык коду 7100700420492 болгон, жалпы аянты 3540,0 ч.м. жер тилкесин Мамлекеттик салык кызматынын Чүй облусунун Токмок шаары боюнча башкармалыгына мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага М.Т.Тынайбеков