Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 115/18-6
Токмок шаардык кеңешинин
2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылга иш планын карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин Мандат боюнча, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнчатуруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 30-январындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн жактардан отчеттук мезгилге ылайык тиешелүү отчеттордун алынуусун камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага М.Т.Тынайбеков
Токмок шаардык кеңешинин
2026-жылдын 16-февралындагы
№115/18-6 токтомуна тиркеме
Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылга Иш планы
№ | Каралуучу маселелер | Туруктуу комиссияларды жана сессияларды өткөрүү убактысы | Материалдарды даярдоо үчүн жооптуу жактар -баяндамачылар | Бул маселе боюнча жооптуу ТШК туруктуу комиссиялары | Жарандардын түздөн-түз катышуусу | Чечимдин формасы |
|
|
| I квартал |
|
|
|
1 | 2026-жылга шаардык бюджетти бекитүү | Январь-Февраль-Март | Токмок ш. мэриясы; КР ФМ Чүй финансы башкармалыгы | Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Токтом |
2 | 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Токмок ш. мэриясынын ишмердүүлүгү жөнүндө Токмок ш. мэринин отчетун угуу
| Январь-Февраль-Март | Токмок ш. мэриясы | Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Токтом |
3 | 2025-2030-жылдарга Токмок ш. социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программасын ишке ашыруу боюнча 2025-жылга иш-чаралар планын бекитүү | Январь-Февраль-Март | Токмок ш. мэриясы | Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Токтом |
|
|
| II квартал |
|
|
|
4 | Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана тазалоочу курулмалар системасынын ишин камсыз кылуу боюнча иштер жөнүндө | Апрель- Май- Июнь | Токмок ш. мэриясы; «Токмок Водоканал» МИ | Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
5 | Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө | Апрель- Май- Июнь | Токмок ш. мэриясы; Токмок ш. ММБ | Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
6 | Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, дене тарбияны жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча иштердин абалы жөнүндө | Апрель- Май- Июнь | Токмок ш. мэриясы; | Социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар) боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
|
|
| III квартал |
|
|
|
7 | Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу боюнча иштер жөнүндө | Июль- Август | Токмок ш. мэриясы; "Токмок ш. коммуналдык ишканалар комбинаты" МИ | Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
8 | Токмок ш. аймагында катуу-тиричилик калдыктарын (КТК) чогултуу жана утилдештирүү боюнча иштердин абалы жөнүндө | Июль- Август | Токмок ш. мэриясы | Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
|
|
| IV квартал |
|
|
|
9 | Токмок шаардык кеңешинин 6 чакырылышынын токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | Октябрь-Ноябрь-Декабрь | Мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясы | Мандат, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкарууну түзүү боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |
10 | Токмок ш. калкын жылуулук менен жабдууну уюштуруу жана камсыздоо жана жылытуу мезгилине даярдык жөнүндө | Октябрь-Ноябрь-Декабрь | Токмок ш. мэриясы "Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы" МИ | Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясы | Жарандардын жана башка кызыкдар жактардын коомдук угууларга, жыйындарга, Токмок шаардык кеңешинин ачык сессияларына катышуусу | Буйрук |