Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 5-февралы № 68/ XVII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү 2027-2028 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
1.Бекитилсин: Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 73 294,7 миң сом *бюджеттик каражатар киреше бөлүмү боюнча 70 258,7 миң сом *чыгаша бөлүмү боюнча 2026-жылга 70 258,7 миң сом Анын ичинен бөлүмдөр: башкаруу аппараты – 20 995,4 миң сом билим берүү – 9 700,5 миң сом социалдык камсыздандыруу–6662,0 миң сом ТЖКЧ – 27317,8 миң сом Китепкана –1571,2 миң сом Клуб–3894,8 миң сом Айылдык милиция бөлүмү 117,0 тыс.сом * киреше боюнча атайын каражат 3036,0 миң сом * чыгаша боюнча атайын каражат 3036,0 миң сом Анын ичинен бөлүмдөр: билим берүү (бала бакча)– 2350,0 миң сом ТЖКЧ - 686,0 миң сом
|
2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултулат. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо №2, №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин. |
3.2026-жылга бюджетке салык агенттери тарабынан 90% өлчөмүндө төлөнүүчү киреше салыгынын пландуу түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн ченеми, патент негизиндеги салык 100%, жер казынасына салыктан 50% (роялти), бекитилсин. |
4.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын: -2027-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-80284,1 миң сом - 2028-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-87926,1 миң сом. |
5.2026-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын. Анын ичинен биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылансын.
|
6.Корголгон беренелердин чыгашалары штаттык сандагы бош орундарга жана кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу азайышы же көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленсин. |
7.Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлөт.
|
8.2025-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2026-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин. |
9.Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, айылдык кеңештин макулдугу менен толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат. |
10.Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
|
11.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2026-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык кеңештин макулдугу менен берилсин. |
12.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Узун-Кыр айылдык кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын. |
13.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмү Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте, айылдык кеңештин макулдугу менен: -Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, эмгекке стимул берүү үчүн муниципалдык кызматкерлердин кызматтык маяналарына үстөк акы төлөп берүү каралсын. |
14.Кем-карчтуу болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 5,0 миң сомго чейин эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган оор шарттарда каржылоо шартка жараша айылдык кеңештин макулдугу менен көбөйтүлсүн. |
15. Жеңилдик берилген категориядагы жарандарды куттуктоого 5,0 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлсүн. |
16.Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлары ар бир айга лимит менен айыл өкмөттүн кызматтык автоунааларына 300 литр каралсын. Башка транспорттук тейлөөлөрү менен керектүү тетиктер 2026-бюджеттик жылга пайдалануу каралсын. |
17.2026-жылга мектепке чейинки мекемелерге (Сары-Жон айылындагы бала бакча) ата-энелердин чогулткан атайын эсебинен күнүнө тамак-ашка 100 сом жана (Жер-Казар айылындагы бала бакча) 100 сом суммасында ар бир балага бекитилсин. |
18.А.Сакебаев атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчада иштеген ата-энелердин балдарына бала-бакчанын тамак-аш төлөмү 50% жеңилдик менен аныкталсын.
|
19.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. |
20.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
Узун-Кыр айылдык кеңешинин төрагасы К.Б.Сманов |