Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII-чакырылыштын 3-кезектүү сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 22

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын иш Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-июнундагы 2007-жылдын № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Типтүү жобонун 22-пунктун жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын иш регламенти бекитилсин (Иш регламенти тиркелет).

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов

 

 

 

Гавриловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-сентябрындагы №22 токтомуна 1 тиркеме

 

 

Бекитем

Гавриловка айылдык кеңешинин Төрагасы_____________А.Т.Ибраимов

«__»_____________ ж.

 

 

 

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин Регламенти

 

  1. Жалпы жобо;
  2. Жер комиссиясын түзүүнүн тартиби;
  3. Жер комиссиясынын функциялары;
  4. Жер комиссиясынын жыйналыштарын уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби;
  5. Тооруктарды өткөрүү тартиби;
  6. Келишим жана келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

 

I.             Жалпы жобо

1.1.    Бул Регламент Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын иш тартибин аныктайт.

1.2.    Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырат.

 

 

II.            Жер комиссиясын түзүүнүн тартиби

2.1.    Гавриловка айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия (мындан ары жер комиссисиясы) тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага үчүн түзүлөт. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.

 

 

2.2.       Жер комиссиянын негизги милдеттери болуп саналат:

-                ачык жана айкын тооруктардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарбакер субъекттерге ижарага берүү;

-                үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалардын, илимий-изилдөө мекемелеринин, сорт сыноочу станциялардын жана участоктордун, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши;

-                калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык алардын аймактарын кеңейтүү;

-                Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу.

2.3.    Жер комиссия өзүнүн ишин ачыктык, коллегиялуулук жана ак ниеттик, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүргүзөт.

2.4.    Жер комиссия 7 кишиден кем эмес санда түзүлөт, анын курамына кирет: 

Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет.

3 айылдык кеңештин депутаты

1 жер маселеси боюнча адис

1 КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин өкүлү

1 айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү.

Жер комиссиянын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.

Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен комиссиянын төрагасы шайланат.

Жер комиссиясынын төрагасы жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын ичинен кайра шайланышы мүмкүн. Жер комиссиясынын төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле жүйөлүү жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтото алат.

Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалат

2.5.    Жер комиссиясынын төрагасынын сунушу боюнча комиссиянын мүчөсү төмөндөгү учурларда мүчөлүктөн чыгарылышы мүмкүн:

-                жер комиссиясынын жыйналыштарына катары менен үч жолудан ашык катышпаса, убактылуу эмгекке жарамсыздык абалында болгон убакыттан тышкары, мамлекеттик, муниципалдык же коомдук милдеттерди аткаруу үчүн иштен бошотулган, узак мөөнөттүү командировкада болуу жана башка жүйөлүү себептер боюнча;

-                анын мындан аркы муниципалдык кызматта (депутаттарга, айыл башчыларына, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тиешелүү) же мамлекеттик кызматта өтүүсүн токтотуу КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин өкүлүнө жана айыл чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлүнө тийиштүү);

-                мыйзамда белгиленген тартипте ырасталган мыйзамсыз күнөөлүү аракеттерди же аракетсиздикти жасаган кезде;

-                жер комиссиясынын курамынан чыгууну каалагандыгын билдирген;

2.6. Жер комиссиясынын курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.

 

 

III.          Жер комиссиясынын функциялары

3.1. Жер комиссиясы:

-                лотторду түзөт;

-                жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;

-                конкурстун шарттарын аныктайт;

-                кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;

-                лоттордун чек араларын аныктайт;

-                жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;

-                жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;

-                ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;

-                жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;

-                тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;

-                Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.

 

3.2. Жер комиссиясы укуктуу:

-                жыйналыштарда карала турган маселелер тийиштүү, мамлекеттик администрациянын бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден документтерди, корутундуларды, экспертизалардын корутундуларын жана башка материалдарды алууга;

-                тиешелүү корутундуларды даярдоого эксперттерди, анын ичинде көз карандысыз адистерди тартууга;

-                өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө материалдарды массалык маалымат каражаттарында жарыялоого;

 

3.3. Жер комиссиясынын төрагасы:

-                жер комиссиясынын жыйналышынын күн тартибин, күнүн, ордун жана убактысын аныктайт;

-                маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди чыгаруу;

-                жер комиссиясынын ишин уюштурат жана ага жетекчилик кылат

-                жер комиссиясынын жыйындарын чакырат жана аларга төрагалык кылат;

-                Комиссиянын жыйындарында каралган конкреттүү маселе боюнча докладчыны аныктайт.

 

3.4. Жер комиссиянын катчысы:

-                жер комиссиясынын жыйынын даярдайт;

-                Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун №3, 4 тиркемеге ылайык протоколдорду жүргүзөт жана түзөт;

-                жер комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтарды каттоону жүргүзөт;

-                Камсыздоо боюнча тендерлерге катышууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо боюнча нускама

-                № 1 тиркеме - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага алынган жерлерин берүүгө аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу жана тариздөө боюнча нускамага ылайык аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу жана каттоо.

 

3.5. Жер комиссиянын мүчөлөрү укуктуу:

-                Жыйындын күн тартибине сунуш киргизүү

-                жер комиссиясынын жыйынына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышууга;

-                жер комиссиясы караган маселелерди талкуулоого катышат

 

3.6. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча тооруктарга талапкер катары төмөнкүлөр катыша алышпайт:

- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;

- аукциончу.

 

 

IV.         Жер комиссиясынын жыйналыштарын

уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби

4.1.    Комиссия өз ишин жыйын формасында жүргүзөт. Жыйындын жыйынтыгы протоколдор менен таризделет, аларга жер комиссиянын төрагасы, катчысы жана жйынга катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшат.

4.2.    Жер комиссиянын жыйыны жер комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт.

4.3.    Комиссиянын жыйынын жер комиссиянын төрагасы өткөрөт.

4.4.    Жер комиссиянын жыйыны укуктуу, эгерде ага үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес мүчөлөрү катышкан учурда.

4.5.    Жер комиссиянын чечимдери катышкандардын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

4.6.    Жер комиссиянын мүчөсүнүн түздөн-түз финансылык кызыкчылыгы бар болсо же арызы каралып жаткан менен тууганчылык байланышы бар болсо, мындай жер комиссиянын мүчөсү бул маселени кароого катышууга укугу жок жана ал боюнча чечим кабыл алууга укуксуз.

4.7.    Жер комиссиясынын мүчөлөрү боло турган жыйын жөнүндө аукцион өткөрүүгө 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кабарланат

4.8.    Жыйындын башында жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардын жана эксперттердин келип түшкөн расмий корутундуларынын мазмунуна таянуу менен иштин тартибин аныктайт.

4.9.    Жер комиссиясынын жыйынын уюштуруу жер комиссиясынын катчысына жүктөлөт

 

 

V.           Тооруктарды өткөрүү тартиби

5.1.    Тооруктар (аукцион, конкурс) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

 

 

VI.         Келишим жана келишимди мамлекеттик

каттоодон өткөрүү

6.1.    Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.

6.2.    Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш

6.3.    Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (Типтүү жобонун N 6 тиркемеси) түзүлөт.

6.4.    Ижара келишимин мамлекеттик каттоого кеткен бардык чыгымдарды Ижарачы жүргүзөт.

6.5.    Ижара келишими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык түзүлөт.

 

 

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин Регламентинин №1 тиркемеси

 

 

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижарага алынган жерлерин берүүгө аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу жана тариздөө боюнча нускамага

 

1.            Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөтү тарабынан белгиленген формада арыз (Типтүү жобонун №1 тиркемеси) беришет жана ушул Нускаманын 7-пунктунда каралган документтерди берет.

2.            Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет. Кошумча, белгиленген үлгүдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишеним каты жана өкүлдүн жана арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү берилет.

3.            Жер комиссиясынын катчысы арызды жана ушул Нускаманын 7-пунктунда каралган башка документтерди кабыл алат жана аларды Арызды каттоонун атайын журналына каттайт, каттоо номерин берет, аларды кабыл алуу датасын көрсөтөт. Ошол эле учурда төмөнкү документтерде каттоо номери бирдей болушу керек: Арызда, Арызды каттоо журналында жана Документтерди кабыл алуу жана каттоо жөнүндө билдирүүдө.

4.            Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тоорук өткөрүү күнүнө беш жумушчу күн калганга чейин токтотулат.

5.            Арыздардын жана берилген документтердин үлгүлөрү коомдук жайга илинүүгө тийиш. Жер комиссиясынын катчысы зарыл болгон учурда аларды толтурууга жана аткарууга көмөк көрсөтөт.

6.            Жер комиссиясынын катчысы тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан жана каттоодон өткөндөн кийин адамга документтерди таттоо жана кабыл алуу жөнүндө билдирүүнү берүүгө милдеттүү (Типтүү жобонун №2 тиркемеси), датасын жана каттоо номерин көрсөтүү менен.

7.            Тоорукка катышуу үчүн төмөнкү документтер берилет:

Жеке жактар:

·         тооркукка катышууга арыз;

·         инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;

·         кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.

·         Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме.

Юридикалык жактар:

  • тооркукка катышууга арыз;

·        жетекчинин инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү же өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документ;

·        кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү;

  • Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме;

·        Уюмдун Уставынын көчүрмөсү;

·        Уюмдун каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

·        Негиздөөчү келишимдин көчүрмөсү

·        Кызмат адамын дайындоого ишеним кат же буйрук.

8.            Арыз ээси арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган убакта лотту өзгөртүүгө укуктуу. Ал жер комиссиясынын төрагасына жазуу жүзүндө арыз бериши керек.

9.            Жер комиссиясынын катчысы кабыл алынган документтердин сакталышы үчүн алар жер комиссиясынын төрагасына өткөрүлүп берилгенге чейин жоопкерчилик тартат.

10.       Жер комиссиясынын катчысы арыз берген адамдар жөнүндө маалыматтардын жана берилген документтердин мазмунунун купуялуулугу үчүн жоопкерчилик тартат.

11.       Жер комиссиясынын катчысы ар бир жумушчу күндүн аягында катталган арыздарды аларга тиркелген документтери менен сейфте сактоо үчүн жер комиссиясынын төрагасына өткөрүп берүүгө милдеттүү. Арыздарды берүүдө каттоо журналында милдеттүү белги коюлат.

12.       Арыз ээсине (арыз берүүчү) арызды кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн

- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин берилген учуда:

- арыз ээсинин (арыз берүүчү) атынан чыгууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан берилсе;

аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча бардык зарыл болгон документтер берилбесе, же берилген документтер талаптагыдай таризделбесе;

13.       Кабыл алынбаган арыз ага тиркелген документтер менен берилген күнү арыз ээсине кайтарылып берилет. Баш тартуу билдирүүсүндө баш тартуунун датасы жана себеби көрсөтүлөт. Бул документ арыз ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө тилкат менен берилет.

Жер комиссиясынын катчысы баш тартууну баш тартууларды каттоо журналына жазат, анда төмөндөгү маалыматтар көрсөтүлөт:

•      Күнү

•      Арыз ээсинин аты-жөнү

•      Баш тартуунун себеби

•      Арыз ээсинин колу

14.       Арыз ээси аукцион башталганга чейин Жер комиссиясынын төрагасына жазуу жүзүндө билдирүү менен өзүнүн арызын кайра чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда арыз берүүчүдөн алынган кепилдик төлөм аукционго катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен кайтарылууга тийиш. Жер комиссиясы аны аукциондун катышуучуларынын тизмесинен чыгарат.