Загрузка документа…
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
IX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IX СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-ж. 28-август №51
Оттук айылынын «Чылама» участогунан 100,0 га жер аянтын мунаципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө.
Улахол айыл аймагынын айылдык Кенештин сессиясы Оттук айылынын «Чылама» участогунан 100,0 га жер аянтын мунаципалдык менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүүбоюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Оттук айылынын «Чылама» участогунан 100,0 га жер аянтын мунаципалдык
менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берилсин.
2. Оттук айылынын «Чылама» участогунан 100,0 га жер аянтын мунаципалдык
менчикке алууга жана категориясын которууга макулдук берүү боюнча иш жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 28-августундагы № 51 - токтомун
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин Ысык-Көл областтык бөлүмүнө жөнөтүү жагы Улахол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Жээнтаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Төрага К.Б.Бейшеев