ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII-чакырылыштын 3-кезектүү сессиясы
2021-жылдын 03-сентябры № 9
2021-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» 2016-жылдын 16-майындагы №60 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин “Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттары” жөнүндө 115-беренесине ылайык жана Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысы Ж.Б.Карымшакованын экинчи учурдагы бюджетке өзгөртүү киргизүү тууралуу баяндамасын талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-январындагы №1 токтомуна жана №2-тиркемеге өзгөртүү киргизилсин:
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” -217,5 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” - 100,0 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2222 “Чарбалык максаттар үчүн предметтик жана материалдык сатып алуу” - 57,5 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2824 “Резервдик фонддор” - 25,0 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2823 “Сот чечимин аткаруу” + 400,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
· Бөлүм 70629 ЖКХ берене 2214 “Унаа менен тейлөө кызматтарна” - 25,8 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70629 ЖКХ берене 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” - 49,0 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70629 ЖКХ берене 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” - 22,2 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70921 СШ берене 2215 “Башка тейлөө кызматтарын алууга” - 41,0 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70111 Аппарат берене 2823 “Сот чечимин аткаруу” + 138,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Эркин калдыктардын эсебинен 2021-жылдын 28-январындагы №3 токтомуна жана №4-тиркемеге өзгөртүү киргизилсин:
· Бөлүм 70629 ЖКХ берене 3111 “Имараттар жана курулуштар” - 300,7 миң сомго азайтылсын.
· Бөлүм 70629 ЖКХ берене 2221 “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” + 300,7 миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык бөлүм башчысы Ж.Б.Карымшаковага жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |