Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 19 январындагы № 73
«2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө, Төрт-Гүл айылдык аймагынын 2026-жылга бюджеттин бекитүү, 2027–2028-жылдарга бюджеттин болжолу жана 01.01.2026-жылга карата бош калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө»
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А. тарабынан берилген «2025-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджеттин бекитүү, 2027–2028-жылдарга бюджеттин болжолу жана 01.01.2026-жылга карата бош калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» маалымат угулуп, талкуулангандан кийин,айылдык кенешинин Төрт-Гүл айылдык аймагынын токтом кылат:
1. 1-тиркемеге ылайык 2025-жылга карата бюджеттин жана атайын эсептин кирешелери жана чыгашалары боюнча тактоолорду эске алуу менен аткарылышы жөнүндө отчет бекитилсин.
2. 2-тиркемеге ылайык Төрт-Гүл айыл өкмөтү тарабынан сунушталган 2026-жылга карата бюджет бекитилсин: кирешелер боюнча жалпы бюджет 38 955,5 миң сом, атайын эсеп 2 343,0 миң сом, чыгашалар боюнча бюджет 38 955,5 миң сом, атайын эсеп боюнча 2 343,0 миң сом.
3. 2027–2028-жылдарга бюджеттин болжолу бекитилсин:
1) 2027-жылга кирешелер планы – 42 405,5 миң сом; 2028-жылга кирешелер планы – 46 178,5 миң сом.
4. 3-тиркемеге ылайык штаттык ырааттамасын жана штаттык бирдик бекитилсин.
5. 4-тиркемеге ылайык 01.01.2026-жылга карата бюджет боюнча бош калган каражаттарды 3 047,6 миң сом өлчөмүндө бөлүштүрүү бекитилсин.
6. 5-тиркемеге ылайык 01.01.2026-жылга карата атайын эсеп боюнча бош калган каражаттарды 981,8 миң сом өлчөмүндө бөлүштүрүү бекитилсин.
7. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлсүн, мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар, калкка берилүүчү жеңилдиктер) каржылоо камсыздалсын.
8. Айланма-кассалык накталай каражаттын көлөмү 375,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет, финансы, коммуналдык мүлк, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |