Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 105 Жарлыгына)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара кызматы) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) кайтарууну, чек аралык контролдоону, Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуулардын, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алууну жана бөгөт коюуну ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп саналат, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирет.
2. Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик чек ара кызматы юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн башка атрибуттары бар.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандык-укуктук мамилелерге өз атынан кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы";
- расмий тилде: "Государственная пограничная служба Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көч., 163.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
Облустар боюнча башкармалыктар, чек аралык контролдоо аймактык башкармалыктары, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү, мекемелери жана окуу жайлары (мындан ары - ведомстволук бөлүкчөлөр) юридикалык жактын укуктарына ээ.
2-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын милдеттери
5. Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) Мамлекеттик чек араны, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында аймактык бүтүндүктү жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоо;
2) Мамлекеттик чек араны жабдуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында чек аралык контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана Мамлекеттик чек ара режиминин маселелери боюнча эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу;
5) Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасын коргоо жана коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
6) ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу жана чек аралык аймакта жана чек ара тилкесинде калкка жардам көрсөтүү;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу тапшырмаларын аткаруу учурунда чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
8) жарандардын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу тыюу салынган буюмдарды жана заттарды, анын ичинде массалык кыргын салуучу куралды, аны менен байланышкан материалдарды жана технологияларды мыйзамсыз өткөрүүнүн алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
9) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте (биргелешип) Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек аралык аймакта террористтерди же террористтик топторду табуу, кармоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү, анын ичинде сурамжылоо, фильтрациялык жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу;
10) чек аралык аймакта жана чек ара тилкесинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо, жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.
3-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматы төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылуу жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында чек аралык контролдоону жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик чек ара саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
5) Мамлекеттик чек ара кызматында санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
6) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну уюштуруу, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин чек араны кайтаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
7) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик чек араны эл аралык укуктук тариздөө маселелери жана чек ара маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын чет мамлекеттердин чек араны кайтаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ишин уюштуруу;
10) Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн мыйзамсыз өзгөртүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, Мамлекеттик чек ара режимин кармоо, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы режимди сактоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, алардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
11) ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү жолу менен компетенттүү органдар менен өз ара аракетте чек ара мейкиндигинде террористтик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөө коюлган адамдарга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга чектөө коюлган транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын кызыкдар органдарынын тапшырмаларын аткаруу;
13) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматына шефтик жана башка жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
14) Мамлекеттик чек ара кызматын байланыштын бардык түрлөрү менен камсыз кылууну уюштуруу;
15) мамлекеттик сырларды коргоону, жашырындуулук режимин, маалыматтык жана киберкоопсуздукту, чет өлкөлүк чалгындоолордун техникалык каражаттарын коргоону, каршы аракеттенүүнү, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылуу;
16) шифрленген жана коддолгон байланышты камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, Мамлекеттик чек ара кызматынын шифрленген органына жана анын коопсуздугунун талаптарына ылайык маалыматты коргоо системасына жетекчилик кылуу;
17) Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин маалыматтык-аналитикалык жана илимий жактан камсыз кылууну уюштуруу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо жана берүү;
18) Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү;
19) күжүрмөн, ооруктук, техникалык, материалдык, финансылык жана башка камсыздоо түрлөрүн уюштуруу;
20) Мамлекеттик чек ара кызматында курал-жаракты, техниканы жана материалдык-техникалык каражаттарды эксплуатациялоону жана пайдаланууну пландаштыруу жана уюштуруу, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу;
21) баш ийген ведомстволук бөлүкчөлөрдө ички контролду камсыз кылуу үчүн ички аудит боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
22) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана териштирүү боюнча ишти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Мамлекеттик чек ара кызматынын компетенциясына киргизилген иштер боюнча өндүрүштү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
23) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук жактан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
24) илимий, окуу материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;
25) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын, пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган алдын алуучу, дарылоочу, санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
26) Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк коопсуздугун камсыз кылуу;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарында радиациялык контролдоону жүзөгө ашыруу;
28) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүү;
29) Мамлекеттик чек ара кызматында коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүү;
30) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен ишти уюштуруу;
31) Мамлекеттик чек ара кызматында спорттук ишти уюштурууга жана спортту өнүктүрүүгө катышуу;
32) курал-жаракты, аскердик жана атайын техникаларды иштеп чыгууга, сатып алууга, сервистик тейлөөгө, модернизациялоого жана оңдоого заказдарды түзүү жана жайгаштыруу;
33) Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы мамлекеттик ишканалардын ишин башкаруу, аларды түзүү, профилин өзгөртүү жана жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканалардын профилин өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;
34) Мамлекеттик чек ара кызматында идеологиялык, тарбиялык ишти, моралдык-психологиялык камсыз кылуу, аскердик тартипти жана укуктук тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу;
35) аскердик кызмат өтөөнүн тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык ишти жүзөгө ашыруу;
36) компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу;
37) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылууну уюштуруу;
38) Мамлекеттик чек ара кызматынын муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чарбалык жана башка ишти уюштуруу жана жүргүзүү;
39) Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволук бөлүкчөлөрүн финансылык камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
40) Мамлекеттик чек ара кызматында өрткө каршы коопсуздукту уюштуруу;
41) Мамлекеттик чек ара кызматын жайгаштыруу жана жабдуу, Мамлекеттик чек ара кызматына бекитилип берилген турак жай фондун анын багытына ылайык башкарууну жүзөгө ашыруу;
42) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик жана социалдык инфраструктура объекттерин курууну (капиталдык курууну), оңдоону жана эксплуатациялоону уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо, казармалык-турак жай фондун күтүү жана эксплуатациялоо;
43) Мамлекеттик чек ара кызматынын иши жөнүндө маалыматтык камсыздоону уюштуруу, басма (типографиялык) ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, теле жана радиопрограммаларды даярдоо, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
44) Кыргыз Республикасынын Чек ара коопсуздугунун мүмкүн болуучу чакырыктарын жана коркунучтарын болжолдоону, талдоону жана баалоону жүзөгө ашыруу;
45) Мамлекеттик чек ара кызматында аскерлердин кызматын жана аскердик кызматтын коопсуздугун, күжүрмөн нөөмөттү жана күжүрмөн кызматты уюштуруу;
46) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруу.