Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 45/5-29
Орловка шаарынын сейил багын атоо жөнүндө
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 80-жылдыгына карата, 2025-жылдын 23-апрелинде өткөн элдик жыйындын чечиминин негизинде, Орловка шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Г.И.Карагулованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын кире беришиндеги сейил бак “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тюлебаев Канимет жана башка ардагерлердин атындагы сейил бак” деп аталсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан Орловка шаарынын кире беришиндеги сейил бакты атоо боюнча тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |