ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №67
«Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине кошумча план карап берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Жунусова Динаранын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн 14411100 беренесине 52,5 миң сом, чыгаша бөлүгүнүн аппараттын 3112 беренесине 52,5 миң сом кошумча план болуп киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |