Редакцияот 03.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  ХХIII шайланышынын 

 кезексиз чакырылган IX сессиясы

 

  2025-жылдын 3-ноябрындагы №69

 

«Казарман айылынын ички жолуна ысык асфальт төшөө долбоору жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган IХ сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. 2025-жылга Казарман айылынын Шайнаев көчөсүнүн 550 метр жолуна ысык асфальт төшөө долбоору даярдалсын.

   

2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын веб-сайтына жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы

  

У.Токтожумаев