Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз X- сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 166
Суюнтбеков Сабатар Төрөкуловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №59 токтому менен бекитилген “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жана айылдык кеңештин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жана өсүп келе жаткан жаш муундарына терең билим, татыктуу тарбия берүүгө кошкон зор салымы үчүн Суюнтбеков Сабатар Төрөкуловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |