Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз X- сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 167
Джуматаева Сейлкан Ашырбековнага Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №59 токтому менен бекитилген “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жана айылдык кеңештин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын Арал айылынын өсүп келе жаткан жаш муундарына терең билим, татыктуу тарбия берүүгө кошкон зор салымы үчүн Джуматаева Сейлкан Ашырбековнага Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |