Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз X- сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 168
Бердалиев Айбек Автандиловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №59 токтому менен бекитилген “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жана айылдык кеңештин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республиканын аймагында өсүп келе жаткан жаш муундарды сергек жашоого, спортко кызыгуусун арттырууга кошкон зор салымы үчүн, Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Бердалиев Айбек Автандиловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |