Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 5-февралы № 69 /ХVII
2026-жылга сметалык ассигнованияларды көбөйтүү жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковдун 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, 2026-жылдын 1-январына бюджеттик эсеп боюнча 16542,3 миң сом суммасында, атайын эсеп боюнча 1962,4 миң сом чогулган бош калдыктарга байланыштуу, Узун-Кыр айылдык кеңеши |
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 16542,3 миң сом суммасына бош калдыктын эсебинен ассигнование сметасы көбөйтүлсүн, анын ичинен бөлүмдөр боюнча: негизги эсеп боюнча:-айыл өкмөтү 2215 берене - 250,2 миң сом - билим берүү 2222 берене - 34,3 миң сом - ТЖКЧ 2221 берене – 3811,5 миң сом 3112 берене – 5500,0 миң сом 3111 берене - 6944,0 миң сом - Клуб 2121 берене - 2,5 миң сом атайын эсеп боюнча бош калдыктын эсебинен 1962,4 миң сом суммасында, анын ичинде бөлүмдөр боюнча: балдар бакчасы 2218 берене – 24,2 миң сом ТЖКЧ 2221 берене – 1935,3 миң сом айыл өкмөтү 2215 берене - 2,9 миң сом |
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. |
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
|
Төрага К.Б.Сманов |