Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-февралы № 71/ ХVIII
Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесинин 2 пунктуна ылайык, Жашыл Мурас муниципалдык ишканасынын директору Н.Т.Орозалиевдин 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши
|
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
1.Узун-Кыр айыл аймагынын 2026 жылга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин. |
2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. |
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
Төрага К.Б.Сманов |
тиркеме
“Жашыл Мурас” МИнин жайыт бөлүмүнүн 2026-жылга карата түзүлгөн иш планы
1 | Айылдык кеңеш тарабынан бекитиле турган жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын жылдык планын иштеп чыгуу; | Февраль айы |
2 | Жайыт жерлерин колдонууга берүүгө тарифин бекитүү | Март айы |
3 | Айыл аймактагы малдардын санын тактоо | Март айы |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын берилген ыйгарым укуктарына ылайык жайыт билеттерин берүү жана/же жайыттарды пайдалануу укугун берүү боюнча келишим түзүү;
| Апрель-Май айы |
5 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы (жергиликтүү кеңеш) тарабынан белгиленүүчү жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу;
| Май айы |
6 | Жайыттын абалына мониторинг жүргүзүү | Май айы |
7 | Мыйзамсыз жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана “ Укук бузуулар кодекси”мыйзамына ылайык айып пул салуу иштерин жүргүзүү | Жыл ичинде |
8 | Жайытка чыкчу малдарды ветеринардык кароодон өткөрүү | Май ,июнь |
8 | Айыл аймактын малын алыскы Суусамыр жайытына чыгаруу иштерин уюштуруу | Июнь,Июль,Август айы |
9 | Суусамыр жайытында өтө турган малчылардын слетуна катышуу иш чараларын уюштуруу | Июль айы |
12 | 2025-жылдын иш-чаралары боюнча жыйынтыктоо отчетун түзүү | Ноябрь,декабрь айы |
|
|
|
Директор Орозалиев Н.Т.