Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-февралы № 72 / ХVIII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10 февралындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө” токтомунун жетегинде,Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 20 февралындагы № 01-10/258 Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Уставын бекитип берүү жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Узун-Кыр айылдык кеңеши |
ТОКТОМ КЫЛАТ: |
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн Уставынын жаңы редакциясы тиркемеге ылайык бекитилсин. |
2.Узун-Кыр айыл өкмөтүнө Уставы жаңы редакцияда бекитилгенине байланыштуу Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кайрадан каттоо жүргүзүлсүн. |
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын. |
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент,этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. |
Төрага К.Б.Сманов |
«Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айыл өкмөтү» мекемесинин
УСТАВЫ
1.1. «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары-Айыл өкмөтү) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун жана турмуш-тиричилигин камсыздоо иштерин башкарууну ишке ашыруучу Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат.
1.2. Өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча оперативдүү башкаруу укугундагы мекеме болуп саналат.
1.3. Мекеме «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл аймагынын Ново-Покровка айыл өкмөтү» мекемесинин укуктарынын жана милдеттеринин укуктук мураскери болуп саналат, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү Чүй-Бишкек Юстиция Башкармалыгы тарабынан берилген, каттоо №110316-3308-М-е, сериясы ГПЮ №0039898, 2019-ж. 3-июлу жана «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл айыл аймагынын Узун-Кыр айыл өкмөтү» мекемеси, мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү Чүй-Бишкек Юстиция Башкармалыгы тарабынан берилген, каттоо №109015-3308-М-е, сериясы ГПЮ №0039794, 2019-ж. 2-сентябры.
1.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
- Мамлекеттик тилде – «Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагынын Узун-Кыр айыл өкмөтү» мекемеси;
- Расмий тилде – Учреждение «Узун-Кыр айыл окмоту айылного аймака Узун-Кыр Ысык-Атинского района Чуйской области»;
1.5. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы, Ленин көчөсү, 335Б.
1.6. Айыл өкмөтүнүн уюштуруучусу болуп Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы эсептелет.
1.7. Айыл өкмөтү өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы ачыктыгынын жана жоопкерчилигинин жана алардын өз функцияларын жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;
3) мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттүүлүктүн;
4) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлары аркылуу эркин билдирүүсү;
5) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо;
6) ачык-айкындуулук жана коомдук пикирди эске алуу;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өз компетенциясынын маселелерин чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
10) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо.
2.1. Айыл өкмөтү өз алдынча балансы, мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар юридикалык жак болуп саналат. Өзүнүн атынан келишим түзүүгө, өзүнө берилген ыйгарым укуктарга ылайык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
2.2. Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу маселелери боюнча Узун-Кыр айылдык кеңешине, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарына отчет берет.
2.3. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чегинде экономикалык өнүгүүгө дем берүү максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөтү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, айрым ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
2.5. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.