Редакцияот 06.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 154 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти

камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын

ишин токтотуп туруу жана чектөө

1-глава. Жалпы жоболор

1. Ушул Тартип порнографиялык мүнөздөгү элементтери бар контентти камтыган сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын интернет-мейкиндигинде аларга кирүүнү чектөө жол-жоболорун аныктайт.

2. Ушул Тартиптин максаты болуп интернет-мейкиндикте порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтууга тыюу салууну белгилөө, ошондой эле коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо максатында аны жайылтууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин аныктоо болуп саналат.

3. Ушул Тартипти колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) эсептелет.

2-глава. Сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө үчүн негиздер

4. Сайттын жана (же) сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу жана чектөө үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы интернет-мейкиндикте жеткиликтүү болгон порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти жайылтуу фактысын белгилөө саналат:

– интернет-мейкиндикке мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө;

– жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан келип түшкөн маалыматтарды кароонун жыйынтыгы боюнча.

5.   Көрсөтүлгөн контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө жеке же юридикалык жактын арызын кароо маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

3-глава. Порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз берүү тартиби

6. Интернет-мейкиндиктеги сайттын жана (же) сайттын баракчасынын контенти порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыйт деп эсептеген жеке же юридикалык жак маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контентти андан ары жайылтууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.