Редакцияот 06.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы

 

2025-жылдын 6-февралы № 3/6

 

Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамын жана 2025-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

    

 

           

Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 29-январындагы №01-20/62 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаарынын үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин курамы бекитилсин. (№1 тиркеме)

2. Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин 2025-жылга карата иш-чаралар планы бекитилсин. (№2 тиркеме).

3. Шаар мэриясы Кара-Суу шаарындагы үй-бүлөлүк зордук зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет менен биргеликте 2025-жылга карата бекитилген иш-чаралар планы аткарууга алынсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Т.Полотов

 

 

               

 

 

Кара-Cуу  шаардык  кеңешинин 

2025-жылдын 6-февралындагы    

III сессиясынын №3/6 

токтомуна №1 тиркеме

                                                          

Кара-Суу шаарынын Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу боюнча, 2025-жылга карата КПНСтин жаңы курамы

 

А.Адыбаев-вице мэр, комитеттин төрагасы

Д.Канаева –жетектөөчү адис, комитеттин катчысы

№

Мүчөлөрү

Кызматы

 ҮБЗТКнын иш-алып баруучу  курамы

1

Бекташева Толкунбү Бердикуловна

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары

2

Орозбаева Тиллакан

Депутат

3

Бегматова Айнура

Депутат

4

Атабаева Дильфуза

Аялдар кеңешинин төрайымы

5

Бакыева Сүйүмкан

Депутат

6

Шакеева Курманжан

Депутат

7

Канаева Динара

Жетектөөчү адис

8

Кыдыралиева Чолпон

Соц.адис

9

1.Мамаразыков Мамарасул-1квартал

2.Сайдрахманова Адалат-2 квартал

3.Абдувалиев Хасан-3 квартал

4.Турабаев Садык 4-квартал

5.Насыров Абсалам -5 квартал

6.Балтабаев Азамжон-6 квартал

7.Досаева Мавлюда-8 квартал

 8.Жумабаев Мойдин-9 квартал

9.Абдураимов Ахмадали-10 квартал

10.Махмудханов Зикирилло-11 квартал

11.Батыров Арифжан -12 квартал

 

 

 

 

 

Кв.ком төрага, төрайымдары

 

Кварталдык аймактарда түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө жооптуу

 

 

10

Төлөнов Толубай

Аксакалдар сотунун төрагасы

11

Урозов Жолдошбай

Аксакалдар сотунун

12

Жолдошева Айкен

Врач нарколог

13

Тажимаматова Калыскан

А.Абдуллаев ҮТД жетекчиси

14

Толубаева Динара

ИДН инспектор

15

1.Мамажанова Айжамал- “Манас” о.м

2.Кожошева Миргүл-“Рахимов” мектеби

 

3.Ырысбекова КайрынсаХ.Турсунов мектеби

4.Исраилов Салижан -№134 мектеп

5.Туманбаева Лазокат-“Ленин” мектеби

6.Мамасабиров Мамасадык-“Бобур” мектеби

7.Абдуллаева Нүргүл Тельман мектеби

8.Аданова Айдана – А.Рахманалиев мектеби

Мектеп соц.педагогдору

 

 

Тиешелүү билим берүү мекемелеринде ҮБЗТ иш-чарасын өткөрүүгө жооптуу

 

 

16

Эрменова Гулиза

Шаардык ҮДТ жетекчиси

17

Темиров Шавкат

Киров айыл башчсы

18

Чаканов Абдумиталип

Тельман айыл башчысы

19

Батай уулу Калыбек

Ак-Өргө айыл башчысы

20

Эркинбаев Нурбек

Аймактык тескөөчү

21

Кыдыров Кыязбек

Аймактык тескөөчү

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Акылбек кызы

 

Кара-Cуу шаардык кеңешинин

2025-жылдын 6-февралындагы

III сессиясынын №3/6

токтомуна №2 тиркеме

 

Кара-Суу шаарынын ҮБЗТКнин 2025-жылга карата “Үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу” боюнча

иш-чаралар планы

 

№

Иш-чаранын аталышы

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

Күтүлүүчү жыйынтык

Болжолдуу сумма

1

Жергиликтүү бюджеттен социалдык экономикалык өнүктүрүү программасына  кирген  үй-бүлөлүк  зомбулуктан сактоо  жана  коргоо, тиешелүү иш алып  баруучу  курамды кайра бекитүү, иш-чараларды ишке  ашыруу   боюнча каражат  бөлдүрүү

Январь

Комитет мүчөлөрү,

Шаар мэриясынын

адистери

 

 

Зордук зомбулук

алдын алынат,

коомчулук

маалымат  алат

 

2

Шаар тургундарына комитет мүчөлөрү аркылуу  маалымат

таратуу,  түшүндүрүү иштерин  жүргүзүү, үй-бүлөлүк зомбулук  боюнча мониторинг уюштуруу, каттоо

Ар бир квартал

Комитет мүчөлөрү,

шаар мэриясынын

адистери

 

Коомдо зордук зомбулук жоюлат

5 000

3

ҮБЗТК мүчөлөрүнүн отурумдарын  уюштуруу, жарандар, жаштар, кыз-келиндер жана мигранттын балдарын катыштыруу менен онлайн анкета сурамжылооуюштуруу(гугл опрос)

Февраль

 

Комитет мүчөлөрү,

 

 

 

Шаарда зордук зомбулукка дуушар болгондор

аныкталат,

катышуучулар аноним билдирүүлөрүн берет

5 000

 

4

Шаар аймагында жашаган үйбүлөөлөргө жана билим берүү мекемелерине ГАЛС методологиясы менен тренинг өтүү. Шаар аймагынан (жалпы 60)

үй-бүлөөнү тартуу

 

апрель

Комитет мүчөлөрү,

 

 

З.з  алдын алынат, аялдарга жана кыз-келиндерге болгон басмырлоо азаят, гендердик теңчиликке жетүүнү үйрөнүшөт.

 

50  000 сом 

 

5

Тажрыйба алуу  психологдун баарлашуусун  уюштуруу(зордук зомбулукка кабылгандарга жеке психологдун консультациясын    уюштуруу)

(13мектепке) (60 кыз-келиндерге)

2-квартал

Комитет мүчөлөрү,

 

Жарандар жана жаштар керектүү маалымат   алат, стресс жаман ойлордон   арылат

 

80 000

6

Зордук зомбулукту  алдын  алуу   боюнча ар бир кварталдын  төрага, төрайымдары  менен байланыш группалары менен тыгыз иштөө (whatsаpр, telegram)

Жыл

ичинде

Комитет мүчөлөрү,

 

Зомбулукту  алдын алуу процессии жүрөт  ар бир кв.ком башчылары өз кварталы  боюнча  маалымат берет

 

 

 

 

 

7

Кыз келиндердин ден-соолугуна кам көрүү, эне-жана баланын өлүмүн алдын алуу максатында акысыз медициналык консультация жана медициналык кароодон өткөрүү

(Акушер, гинекологдун, УЗИ, Томаграфия, консультациясын уюштуруу)

апрель

Комитет мүчөлөрү,

 

 

100 000

8

Шаар  тургундарын акысыз юридикалык маалымат  алуу  күнүн   уюштуруу

апрель – май

Комитет мүчөлөрү,

 

 

Жарандар акысыз укуктук кеңеш алышат.  

Акысыз

9

Элеттик  аялдар күнүн өткөрүү (райондук денгээлде өткөн жарманкеге ишкер аялдарды   катыштыруу)

17-июнь, июль

Комитет мүчөлөрү, бей өкмөт

уюмдарды катыштыруу

Ишкер аялдардын эмгеги бааланат, колдоо көрсөтүлөт

50 000

 

 

 

10

Зордук зомбулукту алдын алуу максатында мектеп окуучулары жана соц.педагогдор менен окуу (тренинг) уюштуруу билим берүү мекемелеринде окуучулар ата-энелер жана мугалимдер катышуусунда чогулуштарды уюштуруу ага ҮБЗТК нин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берүү

Сентябрь

октябрь

КПНСтин курамы

Ынтымак

бекемделет, достук мамиле түзөлөт, зордук зомбулук алдын  алынат

25 000

11

11-октябрь “Эл аралыккыздаркүнүнө карата” кыз-келиндерди ийгиликтүү ишкер айымдар менен жолугушуу күнүн уюштуруу, ишкер аялдарды шыктандыруу максатында бизнес тренинг, финансылык сабаттуулук курстарын өтүү

Октябрь 

Комитет мүчөлөрү,

 

Кыздар өзүн  өнүктүрүүгө мотивация алат, максаттары калоолору   аныкталат

45 000

12

Зордук зомбулукка  каршы 16-күндүк акциясын  уюштуруу

Жалпы мекеме ишканаларды, билим берүү мекемелерин, шаар тургундарын тартуу;

Иш-чарага жалпы мектеп

окуучуларын  тартуу;

 

ноябрь декабрь

 

Комитет мүчөлөрү,

Шаар мэриясынын

адистери,

шаардык кеңештин КПНСтеги курамы

Коомчулук зордук зомбулукка каршы  максатын  жеткирет, зордук зомбулук алдын  алынат.

 

Иш чарага сметага ылайык

125 000

 

Жалпы сумма:

500 000