Загрузка документа…
КОЖОМКУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 01-5/43
IV Элдик Курултайдын делегаттардын шайлоо боюнча өкүлчүлүкттүү жыйынды уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Элдик Курултай жөнүндө” 2023-жылдын 29-июнундагы Конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”Жаргылыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылын 6-октябрындагы №247 Тескемесине ылайык Кезектеги IV Элдик Курултайды уюштуруунун жана өткөрүүнүн жоболорун, календардык пландарын аткаруу максатында
Кожомкул айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кожомкул айыл аймагында IV Жергиликтүү Курултайды өткөрүү үчүн жергиликтүү жыйындар 2025-жылдын 17 октябрынан 24-октябрына чейин өткөрүлсүн.
2. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Сокулук районунун Кожомкул айылынын “Рассвет” маданят үйүнө Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун.
3. Кожомкул айыл амагы боюнча калктын санына жараша (21249 калк) өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучулардын саны 100 өкүл шайлансын
4. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги жана өткөрүүгө жоопту жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин..
5. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ төмөнкү курамда бекитилсин.
1. Мураталиев У.М.-айылдык Кеңештин төрагасы,жумушчу топтун төрагасы;
2. Кубанова М.К.- айылдык Кеңештин катчысы жумушчу топтун катчысы;
3. Байзкаов Ш.Н.- айылдык Кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
4. Джетишиков Н- айылдык Кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
5. Гайыпбердиева А.- айылдык Кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
6. Джелчиев Д.- айылдык Кеңештин депутаты жумушчу топтун мүчөсү;
7. Таалайбек уулу С.- Кожомкул айыл өкмөтүнүн адиси;
8. Бердикулова Ч.Т.- Кожомкул айыл өкмөтүнүн адиси;
9. Каримбекова Н.- Коомдук активист.
6. Кожомкул айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.И. Тюлемишова өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштурсун.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |