Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын23-январы № 95/XX-29
Жээк айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылга карата аткарылган иштери тууралуу отчету жөнүндө
Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Т.Сагынбаев тарабынан сунушталган 2025-жылга карата социалдык-экономикалык абалы жана аткарылган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Т.Сагынбаев тарабынан берилген 2025-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2.Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматтар эске алынсын.
3. Жээк айылдык кеңешинин жооптуу катчысына:
- бул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү;
- бул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүү тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Жээк айылдык кеңешинин төрагасы К.К. Шаршеналиевага жүктөлсүн.
Төрага К.К.Шаршеналиев