Загрузка документа…
ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чым-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 12-январы № 3/1-1
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык жактан кызыкчылыктарын коргоо, колдоо жана коомчулук арасында нааразычылыктын алдын алуужөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын негизинде жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, колдоо жана коомчулук арасында нааразычылыктын алдын алуу максатында Чым-Коргон айыл аймагында курулуп жаткан мал базардагы соода орундарын ижарага берүү жөнүндө талкуулап, айылдык кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чым-Коргон айыл аймагынын аймагында курулуп жаткан мал базардагы соода орундарын ижарага берүү ачык аукцион жолу менен жүргүзүлсүн .
2.Аукцион аркылуу берилүүчү соода орундардын кеминде 50% пайызы Чым-Коргон айыл аймагында туруктуу каттоосу бар жергиликтүү тургундарга бөлүнсүн .
3.Калган соода орундары жалпы тартипте ачык аукцион аркылуу берилсин.
4.Аукцион өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана уюштуруу Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин .
Төрага | А.Тазабеков |