Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 10-октябры № 74/10-29
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2025-жылдын 25-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын № 1 Протоколундагы тапшырмаларга жана календардык планына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйыны 2025-жылдын 01-ноябрында Орловка шаарынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген квотага ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучулардын жалпы саны - 50, IV Элдик Курултайга – 1 делегат деп белгиленсин.
4. 2025-жылдын 01-ноябрындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды тандоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын кварталдарында чогулуштарды өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышы жумушчу топко жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | М.И. Токтакунов |
|
| Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 токтомуна 1-тиркеме |
Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
Токтакунов М.И.- Орловка шаардык кеңешинин төрагасы;
Абыкеева Н.К.- Орловка шаардык кеңешинин жооптуу катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Орловка шаардык кеңешинин депутаттары;
Орозбеков Н. - Орловка шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил боюнча адиси-Орловка шаарынын жаштар комитетинин мүчөсү;
Тологонов К.А.- Орловка шаардык маданият үйүнүн директору;
Жооптуу катчы | Н.К. Абыкеева |
|
| Орловка шаарынын кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 токтомуна 2-тиркеме |
2025-жылдын 01-ноябрындагы жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды тандоо үчүн Орловка шаарынын мэриясынын кварталдарында чогулуштарды өткөрүү ГРАФИГИ
№ | Күнү | Убактысы | Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучулардын саны | Өткөрүү жери | Жооптуулардын аты-жөнү |
1 | 17.10.2025 | 18:00 | 5 | Заводская-Кирпичная көч. кесилиши (№1 квартал)
| Токмергенова К.И., Афанасенко И.М.
|
2 | 17.10.2025 | 18:00 | 5 | “Металлург” дүкөнү ( №2 квартал)
| Кабаева А.А., Мамырканов У.У. |
3 | 18.10.2025 | 17:00 | 5 | Горький-Пионерская көч. кесилиши ( №3 квартал) | Суюмбаев А.И., Садвакасов М.Н.
|
4 | 18.10.2025 | 17:00 | 5 | Московская –Арычная көч.кесилиши (№4 квартал) | Бекен уулу У., Сатыбалдиева М.К. |
5 | 18.10.2025 | 17:00 | 5 | Некрасова-Веселая көч. кесилиши (№5 квартал) | Шакун Г.В, Мусаев Р.К., Дюшалиев А.К.
|
6 | 18.10.2025 | 17:00 | 5 | Правда-Некрасова көч.кесилиши (№6 квартал)
| Галиев Н.Ш., Маликов Ш.Р. Тентиева Ж.Б. |
7 | 18.10.2025 | 17:00 | 6 | Калинина-Свердлова көч. кесилиши (№7 квартал)
| Токтакунов М.И. Токтакунов Н.Д. |
8 | 18.10.2025 | 17:00 | 6 | Суворова-Фрунзе көч.кесилиши (№8 квартал) | Мамедов Х.С., Ашымбекова Р.А. |
9 | 17.10.2025 | 17:00 | 5 | Подгорное айылы Маданият үйү (№9 квартал) | Сарбаев Д.С. |
10 | 17.10.2025 | 17:00 | 3 | Кашка айылы, эски бала бакча (№10 квартал) | Абираев А.А, Дженбеков Р.Ш.
|
Жооптуу катчы | Н.К. Абыкеева |