Загрузка документа…
ЧЫМ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чым-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 1-сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 1/1-3
Чым-Коргон айыл аймагындагы Чым-Коргон айылында жайгашкан мал базарда акы төлөнүүчү кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын ченемдик актыларына ылай , Чым-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий сунушунун негизинде Чым-Коргон айыл аймагындагы Чым-Коргон айылында жайгашкан мал базарда акы төлөнүүчү кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитүү жөнүндө талкуулап , айылдык кеңеш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чым-Коргон айыл аймагынын административдик чегинде жайгашкан мал базарында малды сатуу , кармоо жана тейлөө боюнча көрсөтүлүүчү кызматтарг , коомдук тамактануу обьекттерине, ошондой эле транспорт каражаттарын киргизүү, чыгаруу жана токтотуу кызматтарына баалар жана тарифтер №1 тиркемеге ылайык бекитилсин
2.Бекитилген тарифтер мал базарынын администрациясы тарабынан өзгөртүүсүз жана бирдиктүү тартипте колдонулууга тийиш.
3.Мал базарда көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөмдөр кассалык аппараттар же накталай эмес эсептешүүлөр аркылуу кабыл алынсын . Документсиз акча чогултууга тыюу салынсын .
4.Мал базарынын администрациясы тарифтердин толук чогултулушун, түшкөң каражаттардын эсепке алынышын жана ай сайын айыл өкмөтүнө финансылык отчёт берүүнү камсыз кылсын .
5.Бул токтом менен бекитилген баалар жана тарифтер убактылуу мүнөзгө ээ болуп саналсын жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу алынганга чейин колдонулсун .
6.Чым-Коргон айыл өкмөтү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде Антимонополиялык жөнгө салуу кызматына тарифтерди макулдашуу үчүн документтерди милдеттүү түрдө тапшырсын .
7.Белгиленген мөөнөттө Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын макулдашуусу алынбаган учурда, ушул токтом менен бекитилген тарифтердин колдонулушу автоматтык түрдө токтотулсун .
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чым-Коргон айыл өкмөтүнө жана айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | А.Тазабеков |
Чым-Коргон айылдык кеңешинин
2026-жылдын 30- январындагы
№1 токтомунун тиркемеси
Чым-Коргон айыл аймагындагы Чым-Коргон айылында жайгашкан мал базарда акы төлөнүүчү кызматтарга бааларды жана тарифтерди бекитүү
ПРЕЙСКУРАНТЫ
№ | Кызматтын аталышы | көлөмү | Акы төлөмү (сом) | эскертүү |
1. | Кой-эчки үчүн | 1 даана | 20 сом |
|
2. | Уйлар ( бодо мал) үчүн | 1 даана | 50 сом |
|
3. | Жылкылар үчүн | 1 даана | 50 сом |
|
4. | Соода максаттары үчүн чекене соода түйүндөрү | 1 м2 | 150-300 сом | Ар бир базар күнү |
5. | Тамак-аш сатуучу жайлар | 6х12 | 500 сом | Ар бир базар күнү |
6. | Унаа токтотуучу жайлар : -чоң машина үчүн | 1 даана | 20 сом |
|
-жеңил машина үчүн
| 1 даана | 20 сом | ||
7. | Базар ичине унаа менен ар бир кирүү үчүн: -чоң машина үчүн |
1 даана |
50 сом | Чоң машиналар салмагы 3 тоннага чейин |
-оор жүк ташуучу машина үчүн | 1 даана |
50 сом
| Оор жүк ташуучу машиналар салмагы 5 тоннага чейин | |
-жеңил машина үчүн | 1 даана | 50 сом | Жеңил машиналар салмагы 1,5 тоннага чейин | |
8. | Даараткана | 1 даана | 10 сом |
|
9. | Чөп саткандар үчүн : -чоң машина үчүн |
1 даана |
100 сом | Чоң машиналар салмагы 3 тоннага чейин |
-оор жүк ташуучу машина үчүн |
1 даана |
100 сом | Оор жүк ташуучу машиналар салмагы 5 тоннага чейин | |
10. | Үй канаттууларын саткандар үчүн |
| 100 сом | Турган ордуна |
11. | Таза сууга | 1 айга | 400 сом | Жумасына 100 сомдон |
12. | Тазалык | 1 айга | 400 сом | Жумасына 100 сомдон |
13. | Башка түрлөрүнө |
| 200 сом | Турган ордуна |