Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 118 токтомуна)
«Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, атайын категориялардагы визаларды тариздөө жана болууга карата талаптарды белгилөө тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын (мындан ары – «Тамчы» АФИА) контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылуу, анын субъекттери жана инвестициялык резиденттери үчүн Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө талаптарын, «Тамчы» АФИАга/дан кирген жана/же чыккан адамдарга, транспорт каражаттарына жана товарларга карата коюлуучу талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин колдонулушу «Тамчы» АФИАда иш жүргүзгөн же болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана инвестициялык резиденттерге, ошондой эле «Тамчы» АФИАга/дан Кыргыз Республикасынан/на кирүүдө/чыгууда «Тамчы» АФИАнын субъекттерине карата жайылтылат.
2-глава. Негизги терминдер
3. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
«Тамчы» АФИАнын актысы – «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маанидеги «Тамчы» АФИАнын актысы;
контролдоо-өткөрүү режими – адамдардын «Тамчы» АФИАга/дан кирүүсүн/чыгуусун контролдоого, ошондой эле белгиленген контролдоо-өткөрүү пункттары аркылуу товарларды, материалдык баалуулуктарды, транспорт каражаттарын өткөрүүгө багытталган чаралардын жыйындысы;
контролдоо-өткөрүү пункту (КӨП) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган Кыргыз Республикасы тарабынан адамдарга контролдук жол-жоболор, ал эми «Тамчы» АФИА тарабынан адамдарга, транспорт каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата «Тамчы» АФИАнын актыларында каралган контролдук жол-жоболор жүзөгө ашырылган атайын жабдылган жер;
КӨПтө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган контролдук жол-жоболор – чек аралык, бажылык жана зарыл болгон учурда санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контролдоо жана «Тамчы» АФИАга/дан кирген/чыккан адамдарга жана транспорт каражаттарына карата баӊгизат каражаттарынын жана курал-жарактын жүгүртүлүшүн, ошондой эле «Тамчы» АФИА аркылуу өткөрүлүүчү жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды контролдоо;
тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы (ТМЭБС) – «Тамчы» АФИАга/дан адамдардын жана транспорт каражаттарынын кирүүсүн/чыгуусун эсепке алуу жана контролдоо, чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «Тамчы» атайын категориядагы визасын берүү боюнча маалыматтык система;
«Тамчы» визасы – «Тамчы» АФИАга кирүү, узак мөөнөткө болуу жана «Тамчы» АФИАдан тышкары иш жүргүзүү үчүн («Тамчы» АФИА менен Кыргыз Республикасынын ортосунда жүрүү үчүн), ошондой эле «Тамчы» АФИАнын ичинде болуу үчүн «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясынын өтүнүчү боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилүүчү Кыргыз Республикасынын атайын категориядагы визасы («Тамчы-интра» визасы);
«Тамчы» электрондук визасы – статусу боюнча «Тамчы» визасына теңештирилген, чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган жарандыгы жок адамга электрондук түрдө, анын ичинде Интернет электрондук тармагы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар документ түрүндөгү ырастоо, анын болушу инсандыгын күбөлөндүргөн жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берет;
кепилдик төгүм – чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу максатында «Тамчы» АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине төгүлүүчү акча каражаттары;
«Тамчы» АФИАнын чек арасы – «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын аймагын Кыргыз Республикасынын өзгөчө укуктук статусундагы аймагынан ажыратуучу сызык;