Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 83/13-29
Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 02-декабрындагы “Орловка шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө” №4/2-29 жана 2025-жылдын 05-февралындагы “Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 02-декабрындагы № 4/2-29 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 9/3-29 токтомдору күчүн жоготту деп таануу тууралуу
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 02-декабрындагы “Орловка шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө” №4/2-29 жана 2025-жылдын 05-февралындагы “Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 02-декабрындагы № 4/2-29 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” № 9/3-29 токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Орловка шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |