Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 84/13-29
2025-жылга карата Орловка шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин Орловка шаарынын мэриясынын 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын мэриясынын 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин отчету эске алынып канааттандырарлык деп таанылсын
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.И. Токтакунов |