Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН Х КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 10-октябры № 75/10-29
Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү
жайларын брондоо Тартиби” жөнүндө
2025-жылдын 19-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо Тартиби” жөнүндө талкуулап, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын көрүстөнүндө көмүү жайларын брондоо 2025-жылдын 19-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо Тартибине” ылайык жүргүзүлсүн.
2. Орловка шаарынын көрүстөнүн муниципалдык баланска алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |