Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 29-майындагы №7/3
«Беш-Жыгач №3 көчөсүнө ат коюу тууралуу»
Д.Садырбаев айыл аймагынын Беш-Жыгач айылынын Беш-Жыгач №3 көчөсүнүн тургундарынын көчөгө ат кою боюнча жыйынынын протоколунун, социалдык боюнча туруктуу комиссиянын отурумунунун жана Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамынын 7-статьясынын негизде Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Беш-Жыгач айылынын Беш-Жыгач №3 көчөсүнө Токтосунов Абдинабинин аксакалдын ысымы ыйгарылсын.
2. Д.Садырбаев айыл өкмөтү башчысы А.Бекибаев бул токтомду аткарууга алсын жана өздүк маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №610 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү аттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө" Жобонун 25-пунктуна ылайык тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Ноокен райоунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4.Жаңы көчөнүн жарыктандыруу, көрктөндүрүү, тазалыгын, үй номурларын жазуу жана илүү боюнча чыгымдарын маркум А.Токтосуновдун балдарына, туугандарына милдеттендирилсин.
5.Бул токтом “Кыргыз Республикасындагы айыл чарбасын катоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” №122 токтомдун негизинде 2025-жылдын 1- декабрында күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн.
Төрага А.Тешебаев