Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 87/13-29
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1.Орловка шаарынын Кудряшова көчөсү №51 дарегиндеги жер участокту “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Орловка шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |