Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 88/13-29
Орловка шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39,41-беренелерин жана Орловка шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:
1. Ришат Шаршенбекович Дженбеков Орловка шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулсун.
2. Хамзат Самитович Мамедов Орловка шаарынын кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Орловка шаарынын кеңешинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы “Орловка шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” №2/1-29 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Орловка шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | М.И. Токтакунов |