Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 89/13-29
Өнөр-жай багытындагы жерлерди колдонуу үчүн
ижара акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын мэриясынын өнөр-жай багытындагы жерлерди колдонуу үчүн “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коомунун ижара акысынын өлчөмү көбөйтүлүп Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде эсептелинсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Орловка шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыль алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | М.И. Токтакунов |