Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
2026-жылдын 30-январы № 90/13-29
Атайын техникаларды лизингге сатып алууга макулдук берүү жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө
Орловка шаарындагы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана шаардык инфраструктураны өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын мэриясына төмөнкү тизме боюнча 7 (жети) бирдик өлчөмүндө Мамлекеттик лизинг компаниясы (МЛК) аркылуу финансылык лизинг шарттары боюнча атайын техникаларды сатып алууга макулдук берилсин:
- Тоо-кен ташуучу автосамосвал (Sinotruk Howo CWD3120A3R4);
- Автосамосвал (Sinotruk Howo ZZ3327S3847E);
- Манипулятор Sinotruk Howo ZZ1257V584GB1
- Кичи жүктөгүч (CDM307);
- Жүк жүктөгүч (Lonking LG855H);
- Экскаватор (Hyundai R60W-9S);
- Таштанды ташуучу унаа (Sinotruk Howo ZZ5193ZYS4714Y)
2. Ижара келишимин ишке ашыруу үчүн Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинде жалпысынан 13 000 000 (он үч миллион) сом өлчөмүндөгү каражат каралсын, анын ичинде:
- Баштапкы төлөм — 3 315 565 сом;
- Бажы жагынан жол-жоболоштуруу — 1 954 744 сом;
- Каттоо жана брокердик чыгымдар — 84 000 сом;
- Жабдууларды камсыздандыруу (1-жыл) — 158 045 сом;