Загрузка документа…
Д.САДЫРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Д.Садырбаев айылдык кеңештин II чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 30-майындагы №7/6
«Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө»
Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн кайрылуусун, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Д.Садырбаев айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши боюнча сунуштамасы бекитилсин.
2.Д.Садырбаев айыл өкмөтүнүн аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу жобонун жана бузуулар кодексинин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекибаевге милтеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы У.Жантаевага жүктөлсүн.
4.Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага А.Тешебаев