ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХVIII- сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 101
Кыргызстан айылынын тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызын канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз XVIII-сессиясынын күн тартибиндеги Кыргызстан айылынын тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызын канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкууулап , Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Кыргызстан айылынын тургуну Гальжиков Шакирмаматтын арызынын негизинде А. Исмаилов көчөсүнүн тургуну Ш. Гальжиковдун үйүнө “ Турдукан апа” бакчасын ачууга уруксат берилсин.
2.Жеке турак- жайы бала-бакча багытына өзгөртүлүп берилсин.
3.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бала-бакчаны камсыздоо үчүн кетирүүчү чыгымдарды эсептеп чыгып, айыл өкмөтүнүн бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы жана бюджетти бөлүштүрүү жагы Өзгөн райондук каржы бөлүмүнө жана Ийри-Суу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Ата-энелерден түшкөн акча каражаты 800 ( сегиз жүз ) сомдон атайын счётко которулсун.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Кыргызбаев |