ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз ХVIII- сессиясы
2023-жылдын 28-сентябры № 103
Кыргызстан айылындагы эски мечиттин жерин М. Молдониязовдун пайдалануусундагы 0,20 га жер тилкесине алмаштыруу жолу менен өткөрүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз XVIII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун канааттандыруу жөнүндө маселени карап жана талкууулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы эски мечиттин ордун бала-бакча курууга ыңгайлуу болгон М. Молдониязовдун пайдаланып жүргөн кашаасынан 0,20 га жерге алмаштыруу жөнүндөгү сунушун карап, мыйзам чегинде алмаштыруу жолу менен М. Молдониязовго өткөрүп берүүгө айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2.Өткөрүп алынган 0,20 га жерге бала-бакча курууга макулдук берилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Кыргызбаев |