Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №103
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартибин аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартибин аткарууга алуу максатындажергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагы боюнча Маркумдун сөөгүн жайга коюу үчүн жер аянты бекер берилсин.
2. Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштерине кеткен чыгымдар сөөк ээсине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча комиссиянын тѳрагасына тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев