Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №105
Максаттуу трансфертке келген 2298,2 миӊ сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине максаттуу трансфертке келген 2298,2 миң сомду төмөндөгүчө - 70111 - аппарат бөлүмүнүн 2215-“Дагы башка товарларды жана кызмат көрстөтүүлөрдү сатып алуу” беренесинен АВП Карды Жарыктын карызын төлөөгө жалпы 1912,9 миӊ сом - 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 2215-“Дагы башка товарларды жана кызмат көрстөтүүлөрдү сатып алуу” беренесинен Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу таштанды төгүүчү полигонуна оңдоп түзөөгө жалпы 275,0 миӊ сом, 2214- “Дизельдик жана башка күйүүчү майлар беренесине” 110,3 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев