Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №106
29247 сом акча каражатын №12 мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн имаратынын сыртынын текстурасын жасатууга жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө максаттуу трансфертке төлөм коду 14411100-учурдагы жардамга келген 29 247-(жыйырма тогуз миң эки жүз кырк жети) сомду Темир-Канат айылындагы Жунушов Жолдошбек атындагы №12 мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн имаратынын сыртынын текстурасын жасатууга 70911-бөлүмүндөгү 22211100-“Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар”-беренесиндеги 29 247-(жыйырма тогуз миң эки жүз кырк жети) сомдун сметасы көбөйтүлүп жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев