Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №107
476,8 миӊ сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинде теңдештирүүчү гранттан каралган акча каражатын 70111 аппарат бөлүмүнүн 2111- Туруктуу кызматкерлердин эмгек акысынан 451,0 миң сомдон жана 70911-бала бакча бөлүмүнүн 22122900 - “Башка байланыш кызматтарын көрсөтүүгө” беренесине 50,8 миң сомду төмөндөгүчө,
- 70111-аппарат бөлүмүнүн 22141200 - “Запастык бөлүктөрдү алууга” беренесине кышкы дөнгөлөк алуу үчүн 33,0 миӊ сом.
- 70921-мектеп бөлүмүнүн 22122900 - “Башка байланыш кызматтарын көрсөтүүгө” беренесине Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу максатында райондогу билим берүү мекемелеринде коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу багытында адамдын жүзүнөн тааный турган видеокөзөмөл камераларына интернет булагына кошууга 165,8 миӊ сом, 22221200- ”Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка буюмдарды жана материалдарды алуу беренесине Жер-Үй айылына караштуу жаңы салынган Абдыжалый Көлбаев атындагы жалпы билим берүү мектебине ачылышына ички жасалгасы үчүн 250,0 миң сом, Темир-Канат айылына караштуу К.Тилеков жалпы билим берүү мектебине от жагуучу мешке системасын айландыруу үчүн насос алууга 28,0 миң сом, жалпы 476,8 миӊ сом көбөйтүлүп жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев