Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-кезектүү сессиясы
2026-жылдын 6-февралы №3
Учкун айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын каражат эсебиндеги жыл башындагы калдык акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесинин жана 106-беренесинин негизинде , Учкун айыл аймагындагы 2026-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебиндеги калдык акча каражаттарын которуу жөнүндө Учкун айылдык кенеши токтом кылат:
1.Учкун айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын каражат эсебиндеги калдык акча каражаттары :
1.1.“Жылан-Арык Алтын” бала бакчасына-статья 22181100 атайын каражаттан 152307 (бир жүз элүү эки мин үч жүз жети ) сом
1.2.“Раушан-Учкун”бала бакчасына статья 22181100 атайын каражаттан 181759 (бир жүз сексен бир мин жети жүз элүү тогуз ) сом
1.3.”Тангабийке-Бердике” бала бакчасына статья 22181100 атайын каражаттан 75645 (жетимиш беш мин алты жүз кырк беш ) сом
Жалпы суммасы-409711 (төрт жүз тогуз мин жети жүз он бир ) сом .
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты жыл башында калган атайын каражат эсебинен пайдаланылсын.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик, өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Учкун айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.
5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Мамырбаев |