Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-декабры №109
1135,3 миӊ сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодекси жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен теңдештирүүчү гранттан каралган акча каражатынан 480,5 миң сом, киреше бөлүгүнөн 654,8 миӊ сом, жалпы 1135,3миӊ сом
- 70111 аппарат бөлүмүнүн ТГ-2111-туруктуу кызматкерлеринин эмгек акысынан 209,1 миң сом, ТГ-2121-социалдык фондго төгүмдөр беренесинен 6,7 миң сом;
- 70111 аппарат бөлүмүнүн 2215-дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу беренесинен 83,9 миӊ сом, ТГ-22122900-башка байланыш кызматтарын көрсөтүү беренесинен 7,8 миӊ сом;
- 70911 бала бакча бөлүмүнүн ТГ-2121-социалдык фондго төгүмдөр беренесинен 68,1 миӊ сом;
- 70823-клуб ТГ- 2111-туруктуу кызматкерлеринин эмгек акысынан 106,7 миң сом, 2121-социалдык ТГ- 2121-фондго төгүмдөр беренесинен 17,7 миң сом, 2224-көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн алуу беренесинен 0,2 миӊ сом;
- 70821-китепкана ТГ-2111-туруктуу кызматкерлеринин эмгек акысынан 55,5 миң сом, ТГ-2121-социалдык фондго төгүмдөр беренесинен 8,7 миң сом;
- 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 2215-дагы башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу беренесинен 195,0 миӊ сом.
- 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 3112-машиналар жана жабдуулар беренесинен 375,9 миӊ сом;
- 70111 аппарат бөлүмүнүн 2231-электр энергиясы үчүн төлөөгө беренесинен 940300 миӊ сом, 2824-резервдик фонддор беренесинен 75,0 миӊ сом. 70629-ЖКХ бөлүмүнүн 2511-финансылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар беренесине 120,0 миӊ сом, жалпы 1135,3 миӊ сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев