Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы №2
Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2026-жылга карата болжолдуу бөлүнүшү, киреше жана чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын 2025-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүн бекитүү боюнча, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн Финансы экономика жана социалдык ѳнүгүү бѳлүмүнүн башчысы М.Кубанычбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүүкеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын бюджетинин кирешелер 35303400 сом жана чыгашалар 35303400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2026-жылдагы Республикалык бюджеттен алынуучу “Теӊдештирүүчү гранттын” өлчөмү 18 400 000 сом, жергиликтүү кирешелердин өлчөмү 13 016 000 сом, атайын каражаттардан түшүүчү кирешелердин өлчөмү 3 887 400 сом өлчөмүндө каралып жумшалсын. (1-тиркеме)
3. 2026-жылдын 1-январга калган 1287561,25 сом калдык акча каражаты 22141100 беренеси жол түздөөгө 1000000 сом, 3112 берене ички көпүрөлөрдү оӊдоого азбес труба Туура-Суу айылына 7 даана 17000 сомдон 119000 сом, Жер-Үй айылына 3 даана 17000 сомдон 51000 сом, ички көпүрөлөрдү оӊдоого азбес труба 7 айылга 15 даана 17000 сомдон 270280 сом болуп, жетпей калган акча каражатын 6 айлыктан каралсын. (2-тиркеме)
4. 70911 Мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн -22 181 100 тамак аш
азыктарын алуу беренесинен калдык 876250,51 сом бала бакчаларга тамак аш азыктарын сатып алууга жумшалсын. (2-тиркеме)
5. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев