Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы №6
Жер-Үй айылындагы мектептин жана Эшперов айылындагы бала бакчанын
эски имаратын бузуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун кайрылуусунун негизинде талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Болот Мамбетов айыл аймагынын Жер-Үй айылындагы мектептин жана Эшперов айылындагы бала бакчанын эски имараты Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн дефектный актынын негизинде бузулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага М.Жунушалиев