Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы №7
Болот Мамбетов айыл аймагынын тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө, коргоо, күтүү жана айыл жергесинде улуттук маданияттын, искусствонун, каада салттын өнүгүшүн камсыз кылуу иштери боюнча комитетинин
кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл аймагынын тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө, коргоо, күтүү жана айыл жергесинде улуттук маданияттын, искусствонун, каада салттын өнүгүшүн камсыз кылуу иштери боюнча комитетинин кайрылуусун угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы ТОКТОМ кылат:
1. Билим берүү тармагына эмгеги сиӊген, Кыргыз Республикасынын Эл Агартуунун отличниги, белгилүү инсандар, мамлекеттик сыйлыктардын ээлери, ардактуу ардагерлер Урмамбетов Жакшылыктын, Белекова Акылжандын, Урмамбетова Жымыйдын, Амантур Тенти уулунун сүрөтү Эшперов айылындагы “Эстелик панорамасына” илинсин жана ал жөнүндөгү материалдар комитетте сакталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы тарых жана маданият эстеликтерин изилдөө, коргоо, күтүү жана айыл жергесинде улуттук маданияттын, искусствонун, каада салттын өнүгүшүн камсыз кылуу иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу депутат Р.М.Белековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин мандат, закондуулук, мыйзамдуулук, мамлекеттик жана коомдук тартипти сактоо, этика жана диний иштер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага М.Жунушалиев