Загрузка документа…
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы №8
Мамлекеттик фондунун кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Т.Кылжыровдун кайрылуусунун негизинде талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Мамлекеттик фондунун кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу тиешелүү сынактын негизинде кайрадан ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл Өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Кылж ыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызмат кѳрсѳтүү боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага М.Жунушалиев